Баткенде япон технологиясы менен 42 продукция чыгаруу пландалды
RU

Баткенде япон технологиясы менен 42 продукция чыгаруу пландалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде япон технологиясы менен бир нече продукция чыгаруу пландалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен Баткен облусунун район, шаар башчылары, тийиштүү мекемелердин жетекчилери жолугушту.

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш-чаралардын планын талкуулашты.

JICA агенттигинин "Бир айыл бир продукт" долбоорунун алкагында 2023-жылда 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоордун алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитети тарабынан сертификат тапшырылган.

"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңештер берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Баткен облусунда "Бир айыл-бир продукт" долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн сатыкка чыгарышты. Алар: кургатылган өрүк как, өрүк ширеси, сироп, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор жана башкалар.

Андан сырткары Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12721