3 жашар кыздын өлүмү. Анестезиолог менен медборбордун директору СИЗОго киргизилди
RU

3 жашар кыздын өлүмү. Анестезиолог менен медборбордун директору СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын окуясы боюнча анестезиолог кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары медициналык борбордун директору да кармалган.

Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, бул ишти жетектеп жаткан ИИМдин Тергөө кызматы беренени өзгөрттү. Кылмыш иши мурда 146-берене "Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" боюнча козголгон. Бирок бул иш кайсы жаңы беренеге кайра квалификацияланганын азырынча маалымат булактар тактай элек.

Шектүү - медициналык борбордун анестезиологу 1992-жылы туулган Т.А.га карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Буга чейин ал үй камагында болчу, бирок соттун чечими менен Бишкектин СИЗОсуна жөнөтүлдү. Ошондой эле КММАнын медициналык борборунун директору И.М. кармалып, СИЗОго киргизилди.

*****

Эске салсак, 18-декабрда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду. Октябрь РИИБден билдиришкендей, ошол эле күнү кыздын чоң энеси арыз менен кайрылып, дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан небереси каза болгонун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусу "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон деп чыккан. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган анестезиолог кармалган.

31-январда Бишкек шаардык соту дарыгерге карата топтолгон иштин материалдарын карап, бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15678