Стоматологияда каза болгон кыздын окуясы. Анестезиолог үй камагына чыкты
RU

Стоматологияда каза болгон кыздын окуясы. Анестезиолог үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тишин дарылатуу учурунда чарчап калган 3 жашар кыздын окуясына байланыштуу кармалган анестезиолог үй камагына чыкты. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Бишкек шаардык соттон тасыкташты.

Белгилүү болгондой, 31-январда Бишкек шаардык соту дарыгерге карата топтолгон иштин материалдарын карап, бөгөт чарасын өзгөрттү.

"Соттук коллегия сот актысын чыгарууда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экендигин, тагылган айыптар анча оор эмес категорияга кирет деген негиздерди эске алды. Жыйынтыгында соттук коллегиянын токтому менен анестезиолог Т.А.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына алмаштырылды", - дешти соттон.

*****

Эске салсак, 18-декабрда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду. Октябрь РИИБден билдиришкендей, ошол эле күнү кыздын чоң энеси арыз менен кайрылып, дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан небереси каза болгонун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусу "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон деп чыккан. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган анестезиолог кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15443