Сокулукта 13 жаштагы кызды 9 бала колдон-колго өткөрүп зордуктап жүрүшкөн
RU

Сокулукта 13 жаштагы кызды 9 бала колдон-колго өткөрүп зордуктап жүрүшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 13 жаштагы окуучу кыз дээрлик 1 жылдай зордукталып келген. Анын ата-энеси акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, укуктарын коргоп берүүнү суранды. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, окуучуну 9 эркек системалуу түрдө зордуктап жүрүшкөн. Бул маселе боюнча акыйкатчы Башкы прокурордон, ошондой эле ИИМ жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылат.

Кыздын апасынын айтымында, аларды кызын зордуктап жүргөн балдардын туугандары коркутуп, кысым көрсөтүп жатышат.

2023-жылдын апрель айынын бери 13 жаштагы кызды 19-22 жаштагы 9 жигит системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде 3 жолу өз жанын кыюууга аракет кылган. Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган. Ал табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.

Жабырлануучу тараптын айтуусу боюнча, Сокулук РИИБи тарабынан ушул жылдын февраль айынан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер көрүлбөй жатат.

Такталгандай, 13 жашар кызды 2023-жылы апрель айында 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып кетип шаардын четине алып барып зордуктаган. "Окуя тууралуу бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем" деп коркуткан. Андан кийин талаада жалгыз таштап кеткен. Кийин кайра келип кызды шок абалда Сокулукка жеткирип, досуна үйүнө таштап кеткен.

"Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтып беребиз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон-колго өткөрүп беришкен. Алар жыл бою системалуу түрдө кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн", - деген кыздын апасы.

Учурда кыздын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек болуп, ооруканада жатат.

Жашы жете элек кыздын ата-энеси күнөөлүүлөргө карата кылмыш иши козголдубу, алар жоопкерчиликке тартылабы, жокпу билбейт. Күнөөлүү балдардын биринин иниси окуя тууралуу мектепте ушак тараткан үчүн кыздын сиңдисин балдар шылдыңдап, ага карта да кысым болуп жатканын айтышат жабырлануучулар.

"Алар менин кызымдын тагдырын талкалашты. Ал 3 жолу өз өмүрүн кыйууга аракет кылды... Бул зөөкүрлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазалансын. Алар адам эмес! Алар башка кыздардын да тагдырын талкалашы мүмкүн", - деп ыйлады аял.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, 9 жигиттин бири алардын бири менен "нике" кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн токтоосуз чара көрүү талабы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат. Ошондой эле акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилди, кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: PhotoXPress.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15760