13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин абактагы мөөнөтү кыскартылды
RU

13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин абактагы мөөнөтү кыскартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган милиция кызматкерлеринин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына жактоочу Тимур Султанов билдирди.

Айтымында, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы эки милиция кызматкерине карата райондук инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган.

"Соттолуучулардын бири 6 жылга, экинчиси 9 жылга эркинен ажыратылды. Кылмыш жасалган учурда экөө тең аймактык милиция кызматкерлери болгон. Үчүнчү айыпталуучу - "Дордой" базарынын күзөтчүсүнүн өкүмү күчүндө калтырылды", - деди Султанов.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9906