Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жер тилкелерин мыйзамсыз сатып келген
RU

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жер тилкелерин мыйзамсыз сатып келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда трансформация болбогон бир нече жер участокторун мыйзамсыз сатканга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Шектүү жарандарга 4 миллион сомдон ашык зыян келтирген дешет облустук милициядан.

Сузак РИИБге 46 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын август айында Б. аттуу таанышы ишеничине кирип алдап, транформация болбогон 6 сотых жер тилкесин 550 миң сомго баалап сатып, ордуна жасалма долбоорду берген. Арыз ээси сатып алган жерди К.Н. аттуу жаранга саткан. К.Н. сатып алган жер участогуна турак үй кургандан кийин тилке Р.Ү. аттуу жаранга таандык болуп чыккан. К.Н. турак үй салып алгандыгына байланыштуу арыз ээси Р.Ү. аттуу жаранга ошол эле жер участогуна жакын башка жерден 1 200 000 сомго жер участогун сатып алып бергенин билдирген.

Райондук милиция бөлүмүнө дагы бир тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Б. аттуу жаран Сузак айыл аймагында транформация болбогон жасалма долбоорлор менен 5 сотых болгон 3 чек, 6 сотых болгон 2 чекти көрсөтүп, ар бир чекти 600 миң сомдон баалап, жалпы 3 млн сомго сатып алгандыгын билдирген. Арыз ээси белгиленген сумманы бөлүп төлөө жолу менен бардык суммадан кутулганын жазган.

Бул фактылар 209-берене (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, буга чейин бир нече жолу соттолгон Сузак районунун 1995-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну кармалды.

Учурда кармалган адамдын Сузак районунун аймагындагы бир нече үлүш жана трансформация болбогон жер участокторун алдоо жолу менен өзүнө өткөрүп алганды боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15764