Мурдагы айыл чарба министри кармалды
RU

Мурдагы айыл чарба министри кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мурдагы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кармалды. Экс-министр жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирип, сатып жибергенге шектелүүдө.

Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, мурдагы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Э.Ч. "Лиматекс пахта корпорациясы" ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 млн сом деп бааланууда.

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э.У. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15722