Сокулукта 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүүлөрдүн бири качып кеткен
RU

Сокулукта 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүүлөрдүн бири качып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бири маалымат коомго жарыялангандан кийин качып кеткен. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына жабырлануучунун тайкеси билдирди.

"Негизги фигурант Акыйкатчынын маалыматы чыккан күнү дайынсыз жоголду", - деди ал.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, жигит изделип жатканын редакцияга билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыздын тайкесинин айтымында, кармалган эки шектүү бир айга СИЗОго киргизилди, алардын бири күнөөсүн моюнга алган.

Эске салсак, 20-мартта Акыйкатчы институту жашы жете элек кызды тогуз бала системалуу түрдө зордуктап келгенин билдирген. Окуучунун ата-энеси милициянын аракетсиздигине нааразы болгонун, ошондой эле зордуктаган балдардын жакындары тарабынан коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтышкан. Акыйкатчы Башкы прокуратурадан жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү жана жабыркаган баланын укугун коргоону талап кылды. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыздын ата-энесинин милициянын аракетсиздиги тууралуу билдирүүсүн четке каккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15784