13 жашар кыздын зордукталышы. "Коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам үйгө түнөбөй калдык" (видео)
RU

13 жашар кыздын зордукталышы. "Коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам үйгө түнөбөй калдык" (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 13 жашында зордукталып, 9 бала тарабынан кордолуп келген өспүрүмдүн үрөй учурган окуясын Акыйкатчы институту 20-мартта маалымдаган. Эртеси күнү шектүү делген 2 бала кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти.

Белгилесек, жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча жабырлануучу тарап февраль айында эле милицияга арызданган. Бирок окуя коомго жарыя болгондон кийин гана шектүүлөр кармала баштады. Көптөгөн суроолордон улам кордолгон кыздын жакындары Kaktus.kg сайтына окуянын бардык чоо-жайын айтып беришти.

"Кызымды коркутуп, көргөн жерден салып кетип жүрүшүптүр"

Биз 2022-жылы августтун аягында Сокулукка көчүп барып, 2 кызым аймактагы мектепте окуп башташкан. Кызым ушул жылдын 22-январында эртең менен окууга кеткен бойдон, 20 күн дайынсыз болуп, 12-февралда милиция тарабынан табылды. Ошондо кордолгонун айтып берди. Муну билерибиз менен Сокулук РИИБине арыз жаздык, бирок 1 айдан бери иш каралган жок. Ал арада биздин үй-бүлөгө, улуу кызыма, кичүү кызыма коркутуулар болуп, ортончу кызым (кордолгон) кыйналып, ооруканага түштү. Жашообуз өйдө-төмөн болуп кетти.

2023-жылы 10-апрелде дүкөндүн жанынан чала тааныш жигит үйгө жеткирип коюу сунушу менен унаага салып кетип, панорамага алып барыптыр. Ошол жактан жаман иш кылыптыр. Кызым көп нерсесин ичине каткан, бекем, унчукпай жүрө берет. Эч нерсесин айтчу эмес. Кордолгондон кийин такыр эле унчукпай, көп ойлонуп, кээде ыйлап отуруп калчу. Эмне болуп жатат деп сурасам "апа, жакшы эле" деп койчу. Көрсө коркуп эле жүрө бериптир. Улуу кызым менен сырдашчу, бирок ага да үн катпаптыр.

Былтыр жайында 2-3 жолу үйдөн чыккан боюнча жок болуп кеткен. Андай учурларда дароо милицияга кайрылып, мектепке кеткен бойдон келген жок, үйдөн чыгып кетти деп жаткам. Көрсө кызымды коркутуп, көргөн жерден салып кетип жүрүшүптүр. Үйгө чейин да келип алып кетишчү экен.

Кайра табылгандан кийин эмнеге кетип каласың десем "билбейм апа, билбейм эмне болуп жатам" дей берчү. Андан кийин молдолорго, психологдорго алып барып, Бишкекке да алып келдим. Колумдан келген аракеттерди кылдым бирок кызым ачылбай койду.

Анткени "апаңа айтам, мектепке жаям" деп коркутуп-үркүтүп жүрүшүптүр да. "Мектепке баргым келбей жатат, окугум келбей" жатат деп көп айтчу. Окуш керек да деп койчумун. Дүкөнгө жумшасам да "барбайм" деп чыкчу эмес. Эгер ушундай окуя болуп жатканын айтканда мен деле...

Окуя тууралуу маалымат тарагандан кийин шектүү делген жигиттердин биринин апасы кызды айыптап, "эжесинин паспорту менен мейманканаларга барчу экен" деген пикирин айткан. Жабырлануучу кыздын апасы муну четке кагат.

"Мунун баары жалган. Биринчиден, менин улуу кызым менен экинчи кызым такыр окшошпойт. Кызымдын документи менин жанымда. Экинчиден, алардын ортосунда 7 жаш айырма бар", - дейт.

Үй-бүлөгө карата коркутуулар, куугунтуктар

22-январдан тарта дайыны жок болуп, мейманканадан табылганга чейин зордуктаган балдардын биринин үйүндө курбусу экөө кармалып туруптур. Кыздар кетебиз дегенде бала каршылык көрсөтүп, 12-февралда качып чыгышкан экен. Ошондо тааныш делген башка бала шериги менен кыздарды унаага салып, өз кызыкчылыгы үчүн мейманкага алып барган экен. Кызымдын курбусу менен бир бала дүкөнгө чыкканда милиция кармап, ошентип табылган.

Кызымдын курбусу өзүнөн улуурак, 1-2 жолу аны менен дайынсыз болуп кеткен. Бир жолкусунда атасы бизди таап келип, кыздарды чогуу издегенбиз. Курбусу окуя тууралуу билчү экен.

Милицияга арыз жазгандан кийин 5-класстагы кызыма кодулоо башталды. Мектептеги соцпедагогго айтып, балдар инспекторлору профилактикалык иштерди жүргүзүптүр. Улуу кызым дүкөндө иштейт, анын иштеген жерине балдар барып "арызыңарды алгыла, силер бул жактык эмесиңер, өрттөп кетебиз" дешиптир. Бир күнү телефон чалып "дүкөндүн жанына топ балдар келди" деп коркуп жатканын айтып чакырды. Жолдошум менен барсак кадимкидей коркутуп жатышкан экен. Мен балдардын бирине жакындаганда жерде жаткан бөтөлкөнүн шишесин алып жолдошума шилтеп, "силерди өлтүрөм" деди. Арачага келген жигиттердин да алы жетпей, 3 милиция келди. Кол салайын деген бала жерге кулап "менден акча талап кылып жатасыңар" деп шантаж кылды. Ортодо ажыратып жүрүп колдорум шишеге кесилди.

Шектүү делген балдардын бирөөнүн эле ата-энеси келип кечирим сурады. Калгандары кызыма жаман сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүтүп эле келе жатышат. "Соттотуп жиберсеңер баары бир таап алып тынч койбойм. Өрттөп жиберем. Силерге акча эле керекпи" дегендери болду.

Тергөөгө болгон нааразычылык, тергөөчүнүн жооптору

Арыз жазгандан кийин тергөөчү жарытып иш алып барган жок. Өзүм чалып "тергөө эмне болуп жатат, балдар кармалдыбы?" десем "менин жумушум көп, көрүп жатпайсыңарбы, ортодо майрамдар болуп кетти, сабыр кылгыла, сурак жүргүзүлүп жатат, бүтөт" деп коёт. Телефон чалсам эле өчүрүп коёт же "ии иш жүрүп жатат" деп кайдыгер мамиле кылып жатты.

Кээде милиция бөлүмүнө да барам, сопсоо кызым ооруп калганын, "кызым өлгөндө сөөгүн сүйрөп келемби, ошондо гана ишти баштайсыңарбы" дейм.

Тууган-туушкандарга айтпай, милиция мыйзам чегинде иштейт деп ойлогонбуз. Айлам кеткенде жакындарыма кайрылдым. Биз акыйкатчыга кайрылгандан кийин ишти башка тергөөчүгө өткөрүп беришти. Сурак кайра башталгандыктан кызым ооруканадан эрте чыкты. Бул жолку көрсөтмөсүндө 9 эмес, 10 баланын ысымдарын атады.

Жабырлануучу кыздын тайкеси Сокулук райондук прокуратурасына, Башкы прокуратурага кайрылганын, бул ишти тергөөнү башкы башкармалыкка өткөрүп берүүнү суранат. Ал Сокулук РИИБдин ишти буга чейин караган тергөөчүсүн иштен четтетип, жоопко тартуу керек дейт.

"Бул окуя боюнча бир эле берене эмес, "адам уурдоо", "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренелери менен да иш козголуш керек болчу. Кызды зордуктаган балдар кылмыш чөйрөсүнүн идеяларына жакын, бычак сыяктуу каражаттарды жанына алып жүргөн балдардын категориясына кирет экен. Кызга ичимдик (сыра) ичиришчү экен. Райондук ички иштер бөлүмдүн жанында жашаган балдарды кармоого 1 ай керекпи? Тергөө жүрүшү үчүн сөзсүз коомго жарыялап, чуу чыгарыш керекпи? Демек, мындай фактылар толтура да", - деп нааразы болду тергөөгө.

Жабырлануучу кыздын жана үй-бүлөнүн учурдагы абалы

Коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам кыздын атасы иштебей, үй-бүлөсүн карап, кайтарып калды. Ата-эне кызын эшикке чыгарбай, үчүнчү чейректи онлайн окуду. Эми Сокулуктан кетишибиз керек дешет алар.

"Кармалган шектүүлөрдүн бири күнөөнү моюнга алды. Ал эми негизги фигурант окуя тууралуу маалымат жарыя болгондон кийин качып кеткенге үлгүрүптүр. Ошондо ишти биринчи караган тергөөчү шектүүлөргө убакыт, мүмкүнчүлүк берди да. Кызыбызды жамантты кылганга шарт түздү, үй-бүлөгө кодулоо башталды.

Азыр жээнимдин абалы оор, биздин тыкыр көзөмөлүбүздө. Анткени үйгө келип коркуткандар, эжесин кодулагандар, үйдүн жанынан өткөн унаалар, топтолгон балдар жанына батып, белгисиз дары-дармек ичейин деп жатканда эжеси кармап калган.

Мындан улам ооруканага жаткырдык. Бардык жактан басым, кысым болуп жатканын, ата-энесинин ыйлап жатканын көрүп баарына өзүн күнөөлөп чекит коёюн дептир.

Азыр үй-бүлө Сокулуктан кетүүгө аргасыз. Анткени кичүү баласы бала бакчага барат, кичүү кызы 5-класста окуйт. Улуу кызы окуядан улам Россияга туугандардыкына кетип жатат. Анткени ата-энеси анын да коопсуздугунан тынчсызданууда. Үй-бүлө акыркы күндөрү ар кайсы жакта түнөп жатышат", - деди кыздын тайкеси.

Жабырлануучу тарап президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти жеке көзөмөлдөрүнө алып, акыйкаттыкка жетүүгө жардам берүүнү өтүнүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15775