Президент чек ара чырына чейин жардам сурап видео кайрылуу жасаган баланы кабыл алды
RU

Президент чек ара чырына чейин жардам сурап видео кайрылуу жасаган баланы кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 10-майда, өлкө башчы Баткен облусунун Көк-Таш айылында жашаган Адил аттуу баланы кабыл алды.

Адил бүгүнкү жолугушууда чек арада жашаган айылдаштарынын көйгөйү жана апрелде Тажикстан издөө салып, Орусия камакка алган атасы тууралуу президентке айтып берди.

"Президент Садыр Нуркожоевич Адилди жан дили менен кучактап, баласындай мээр төгүп тосуп алды. Биз ар түрдүү темаларды талкууладык, албетте биринчи кезекте чек ара маселесин сүйлөштүк. Мамлекет башчы көйгөйлөрдү дароо чечип жатты жана Адилдин атасынын маселеси боюнча ТИМ иш алып барып жатканын кошумчалады. Жакын арада бул көйгөйлөр түп тамыры менен чечилерин убадалады",- деди баланы коштоп барган коомдук активист Ассоль Молдокматова.

Молдокматова, президенттин тапшыруусу менен Адилдин футбол мектебинде окуу кыялы орундалганын жана бир катар белектерди алганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Адил буга чейин 24-мартта президентке видео кайрылуу жолдогон. Ал кайрылуусунда үй бүлөсү менен чек арада жашагандардын өмүрү коркунучта турганын тезинен мамлекет башчысынан чек ара маселелерин чечип берүүсүн өтүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1578