Март айында эле Баткендеги чек арага чектеш айылынан мектеп окуучусу президентке кайрылган
RU

Март айында эле Баткендеги чек арага чектеш айылынан мектеп окуучусу президентке кайрылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марттын жыйырмаларында Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну, кичинекей Адил президент Садыр Жапаровго кайрылган. Өзүнүн видеокайрылуусунда Тажикстан менен чек ара маселесин чечип берүүнү суранган болчу. Видео Next TV телеканалынын социалдык тармактарына чыккан.

24-мартта Kaktus.kg видеокайрылууну сайтка жарыялаган болчу. Бирок баланын өтүнүчүнө көпчүлүк окуурмандар көңүл бурушкан эмес.

Бүгүн биз ошол бала жөнүндө эскертип коюуну чечтик.

Кыскача видеодо мектеп окуучусу Тажикстан менен чектешкен айылда жашоодон корко турганын айтып, үйүнүн артында, эки метр аралыкта Тажикстандын аймагы башталганын көрсөтөт.

"Урматтуу Садыр Жапаров, менин атым Адил. Мен Баткендин Көк-Таш айылынан болом. Былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашаштан корком. Анткени эки метрде тажиктер жайгашкан", - деп Адил айтып берет.

"Ушул чек ара маселесин чечип берүүңүздү суранам", - деп ал мамлекет башчысына кайрылган.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 30-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары, барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
  • КРдин өкмөтү Баткен облусуна өзгөчо статус берүү үчүн документтерди даярдап жатышат.
  • Ташиев Кыргызстан Тажикстандан келтирген материалдык кесепеттин ордун толтурууну талап кылбай тургандыгын билдирди.
  • Көз карандысыз юристтер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу үчүн документтерди чогултуп жатышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1514