Дагы бир кыргызстандык "Крокустагы" теракт учурунда жабыркагандарга жардам берген
RU

Дагы бир кыргызстандык "Крокустагы" теракт учурунда жабыркагандарга жардам берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

32 жаштагы кыргызстандык Рустам Бактыбеков "Крокус Сити Холлдун концерттик залында болгон терактта адамдарды куткарууга жардам берген. Ал 2010-жылдан бери Москвада жүргөнүн, окууга барып, кийин жумушка орношуп калганын айткан. Рустам өзү Ысык-Көлдөн.

Кыргызстандык атуул каргашалуу окуя тууралуу айтып жатып, алгач ок атылганда фейерверк жарылды деп ойлошуп, эч ким көңүл бурбаган дейт.

"Теракт болгон күнү иш үстүндө болчумун. Эшиктин кире беришинде турчумун. Залга канча адам кирип жатканын карап турчубуз. Эң биринчи ок атуунун үнүн укканда эч ким көңүл бурган эмес. Баары арт жакка бир бурулуп коюшкан. Анын артынан удаа-удаа ок атылганда эл аткылоо болуп жатканын түшүнүп, жапырт качты. Биз сүрөт чыгарган жайда болчубуз, жата калдык. Бир учурда башымды көтөрүп карасам атып жаткандардын бири биз тарапка келе жатыптыр. Ошол учурда кесиптештерим менен качып чыгууга туура келди. Андан кийин имаратта калып калган жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатканда Илья деген байке видеого тартып калыптыр. Ал кыргызстандыктар менен иштешет экен. Ошолор аркылуу мени таап, бүгүн жолугушуу өткөрдүк", - деди Рустам.

Рустам Бактыбековдун эрдик көрсөткөн учурларын видеого тартып алган Илья Красников кыргызстандык жаран бир нече адамды куткарып, биринчи жардам көрсөтүп, түтүнгө толгон бөлмөлөргө кирип, жабырлануучуларды издеп жүргөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 22-мартта кечинде Москванын Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында бир нече адам ок чыгарган. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен 137 адам каза болгону кабарланды.

Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. ФСБнын директору Александр Бортников президент Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы тууралуу маалымат берген. Кармалгандардын төртөө - Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсиддин Фаридуни 22-майга чейин камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15793