Сот "Крокус Сити Холлдогу" терактка айыпталгандарды камакка алды
RU

Сот "Крокус Сити Холлдогу" терактка айыпталгандарды камакка алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын Басман соту "Крокус Сити Холлдо" теракт жасаган деп айыпталгандарды камакка алды. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсиддин Фаридуни эки айга, 22-майга чейин камакка алынган. Алар күнөөсүн толугу менен моюнга алышкан.

Реанимацияда жаткан Файзов дарыгерлердин коштоосунда сот залына жеткирилген Ал качуу учурунда жарадар болгону айтылган.

Жолугушуунун алдында террорчу делгендерге расмий түрдө теракт жасаган деген айып тагылган. Бул кылмыш үчүн эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.

ФСБ 23-март күнү эртең менен терактка шектелген төрт киши кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар Россия-Украина чек арасын көздөй унаа менен качууга аракет кылышкан. Жалпысынан ФСБ 11 адам кармалганын билдирген, азырынча дагы 7 шектүү ким жана аларга кандай чара көрүлгөнү белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15782