ТИМ: "Крокустагы" теракттан кыргызстандык кыздардын каза болгонун таануу эрте
RU

ТИМ: "Крокустагы" теракттан кыргызстандык кыздардын каза болгонун таануу эрте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-март күнү кечинде "Крокус Сити Холлдогу" теракттан каза болгондордун жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тиизмеге каза болгон 139 адамдын 120сынын аты-жөнү кирген. Тизме соттук-медициналык изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде толукталып, оңдолот деп айтылат маалыматта. Анда буга чейин дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнү бар.

Аларды элчиликтин кызматкерлери издеп жатышкан. Маалым болгондой, алар концерттик борбордун кафелеринин биринде официант болуп иштешкен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жогорудагы кыздардын өлдү деп таануу эрте экенин билдирет.

"Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын, анын ичинде КР жарандарынын маалыматтары камтылган. ДНК анализинин жыйынтыгы даяр эмес", - дешет ведомстводон.

Эскерте кетсек, 22-мартта кечинде Москванын Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында бир нече адам ок чыгарган. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен 137 адам каза болгону кабарланды. Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоп, 11 адамдын кармалганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15809