"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин эки кыргызстандык дайынсыз жоголгон. Алар изделүүдө
RU

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин эки кыргызстандык дайынсыз жоголгон. Алар изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Крокус Сити Холлдогу" терактта жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар, жогун тактоо тактоо иштери уланууда.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кол салуудан кийинки алгачкы сааттарда жарыяланган жабыркаган жарандардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын эки жараны бар экени айтылган. Алардын жакындары менен тез арада байланыш түзүлүп, жарандар жабыркады деген маалымат тастыкталган жок.

Учурда элчиликтин кызматкерлери 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Майза Гүлжигит кызын издеп жатышат. Кыздар менен эч кандай байланыш жок. Бирок алар каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмесинде жок.

Учурда орус бийлиги жабыркаган жарандардын тизмесин тактоону улантууда.

Белгилесек, 22-мартта "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. 23-мартка карата алынган маалымат боюнча теракттан каза тапкандардын саны 100дөн ашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15777