Жалал-Абадда 52 жаштагы аял күйөөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө
RU

Жалал-Абадда 52 жаштагы аял күйөөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында 52 жаштагы кишинин өлүмүнө аялы шектелүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, каргаша болгон күнү алар спирт ичимдигин ичишкен.

25-мартта саат 21:55 чамасында Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде аял өзүнүн күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери барып кароо жүргүзүлүп, бычак далил буюм катары алынып, тийиштүү эскпертизалар дайындалды.

Бул факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1972-жылы туулган Л.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Териштирүү учурунда күйөөсү менен аялы 2012-жылдан бери чогуу жашагандыгы, окуя болгон күнү чогуу спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15812