Ата, баланы күч менен кармоо. Облустук милициянын башчысы, орун басары кызматтан алынды
RU

Ата, баланы күч менен кармоо. Облустук милициянын башчысы, орун басары кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кочкор-Атадагы базарда ата, баланы күч колдонуп кармоо боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу редакцияга ИИМден билдиришти.

ИИМде өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен министрликтин буйругу чыкты. Анда укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөй, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп, Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факты боюнча видео интернетке тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиги үчүн Жалал Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Абитов жана анын орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле ушул буйрук менен Жалал-ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15845