Атасына болушуп күч кызматкерин тепкен баланын видеосу боюнча милиция маалымат берди
RU

Атасына болушуп күч кызматкерин тепкен баланын видеосу боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда атасына болушуп күч кызматкерлерин тепкен жигиттин видеосу интернетке тарады. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына окуя боюнча маалымат берди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4-мартта саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кирпич, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 280-берене (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Ноокен районунун Н.С. аттуу жашоочусу аныкталып, бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн.

27-мартта саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында Н.С. аттуу жаран милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген.

Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Бейбаштыкка шектелген Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15820