Ошто инисинин өлүмүнө шектелген 17 жаштагы кыз камакта калды
RU

Ошто инисинин өлүмүнө шектелген 17 жаштагы кыз камакта калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 10 жаштагы инисин өлтүрүүгө шектелип жаткан 17 жаштагы кыз соттун чечими менен камакта калтырылды. Мындай маалыматты редакцияга Ош облустук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ош шаардык соту айыпталуучунун бөгөт чарасын 26-мартта карап, 1 айга камакка алды. Тагыраагы, өспүрүм 25-майга чейин камакта болот.

"Тергөө судьясы айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандоодо, анын өздүгү аныкталгандыгын, бирок ал өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын, эгер айыпталуучу боштондукта болсо тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсү же болбосо күбөгө, сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсү, далилдерди жок кылуусу, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоол кылуусу же болбосо кылмыштуу иш менен кайра алектенүүгөтоскоолдук кылуусу же болбосо кылмыштуу иш менен кайра алектенүүсү мүмкүн экендигин эске алган", - дешти соттон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pulse19.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15862