Мурдагы аялын бычактаганга шектелген киши 2 айга камалды
RU

Мурдагы аялын бычактаганга шектелген киши 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген киши 2 айга камакка алынды. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде сот Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, шектүү Б.Кны 2 айга камакка алды.

Эске салсак, Бишкектин Кут конушунда 4-апрелге караган түнү Рахима Айкымбаева киши колдуу каза болгон. Кылмышка шектелип маркумдун мурдагы күйөөсү Б.К. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15885