Бишкекте мурдагы аялын бычактап салганга шектүү боюнча милиция маалымат берди
RU

Бишкекте мурдагы аялын бычактап салганга шектүү боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Кут конушунда 3-апрелден 4-апрелге караган түнү эркек киши мурдагы аялын бычактап кеткенин укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

"Ал эрте турмушка чыгып, бирок күйөөсү спирт ичимдигин ичкендиктен ажырашып кеткен. Бир түн мурда күйөөсү келип, кайра чогуу жашоону сунуш кылган, бирок келин макул болбой койгон. Ошондо бычак менен сайып, өзү милицияга кайрылган. Ал кылганын моюнга алган. Келинди бир нече жолу бычактаган", - деди Турдубекова.

Укук коргоочу маркумдун артында үч баласы калганын, алардын бири майып экенин айткан.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи маалымат берип, кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө 4-апрелде Кут жаңы конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Биринчи Май РИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзгөн.

Аталган факты 122-берененин 7-пунктунун 2-бөлүгүнө (Адам өлтүрүү, өзгөчө мыкаачылык менен) ылайык кылмыш иши козголуп, 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Башкы башкармалыктан кийинчерээк толук маалымат берилерин убадалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15872