Бишкек - Кара-Балта жолунда бустун дөңгөлөктөрүн тешүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
RU

Бишкек - Кара-Балта жолунда бустун дөңгөлөктөрүн тешүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун ИИББси Kaktus.media'нын Бишкектеги объезд жолдо жайгашкан айылдардын биринин тургундары "башка унаалар жолду чаңдатып жатат", деген шылтоо менен маршруттун дөңгөлөктөрүн бычак менен тешип салуу боюнча билдирүүсүнө реакция жасады. Андан тышкары окуя болгон жерге чакыруу болгонуна карабастан милиция кызматкерлери келбей койгон.

Белгилүү болгондой, жергиликтүү тургандардын мыйзамсыз иш аракеттери фактысы боюнча КРдин Жазык кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Андан тышкары, конфликт болгон жерге чакыруу болгонуна карабастан келүүдөн баш тарткан милиция кызматкерлерине карата ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1593