Бишкек - Кара-Балта жолундагы бейбаштык. Жергиликтүүлөр маршруттун дөңгөлөгүн жарышты
RU

Бишкек - Кара-Балта жолундагы бейбаштык. Жергиликтүүлөр маршруттун дөңгөлөгүн жарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көпчүлүккө белгилүү болгондой Бишкек - Кара-Балта жолу бир нече жылдан бери салынып жатат. Автобазардын тушунда, Сокулукта жана ушул трассанын башка аймактарында кечкисин жана эртең менен чоң тыгындар жаралат. Kaktus.media'га окурман кайрылып, жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз иш аракеттерине жана милициянын кайдыгерлигине арызданды.

Анын айтымында, кечээ, 9-май күнү достору менен шаардын сыртына, микроавтобус жалдап, Сокулук тарапка барышкан.

"Аябай жакшы эс алып, кайра артка кайтып келатканыбызда "Риом" базарынын жанынан чоң тыгын жаралып калыптыр. Ошондон улам, айдоочу айланып өтө турган жолго түшүп, бир айыл аркылуу өтүп, авторыноктун арты менен кайра трассага чыгууну чечкен", - деп окурман түшүндүрдү.

Айдоочу айылга кирип, Строительный көчөсү менен түштүктү көздөй бет алган. Бул учурда алты киши бусиктин жолун торошкон.

"Бусикте онго чукул киши отурганбыз. Бардыгыбыз жайдары эле салондо болчубуз. Бир аз убакыт өткөндөн кийин сыртка чыгып, эмне болгонун сурасак, жолду тосуп алгандар, жергиликтүү тургундар экенин айтып, бул жактан жол жүргөн болбойт, анткени чаңдатып жатасынар, деп жооп беришти. Кайра артка кайтуубузду талап кылып, болбосо бустагы кыздарыңарды зордуктап салабыз, деп коркутуп-үркүтүп киришкен", - деп окурман айым айтып берди.

Жабырлануучунун айтымында, конфликт учурунда жергиликтүү тургундардын бирөөсү чөнтөгүнөн бычагын сууруп чыгып, микроавтобустун дөңгөлөгүн тешип салган. Буста отургандар барылап милицияга чала баштадык. Бирөөбүзгө гана жооп беришти. Бирок келебиз, деп коюп, эч кимиси келген жок.

Милицияга телефон чалгандан кийин бир саат өтсө да биз менен байланышышкан жок. Кайра чалсак, конфликт болуп жаткан жерде эч кимди өлтүрүп жаткан жери жок, демек, барбайбыз. Кааласаңар милицияга келип, арыз жазып кеткиле, деп жооп кайтарышкан.

Натыйжасында бир сааттан кийин айдоочу дөңгөлөгүн алмаштырып, артка буруп, ал жерден кеттик.

"Айдоочу милицияга арыз жазгандан баш тартты. Анткени жергиликтүүлөр менен көйгөйлөр жаралышын каалабйт. Биз айдоочунун дөңгөлөгүнө акча чыгарып бердик. Биз да милицияга кайрылган жокпуз. Алар кылмыштын алдын алууга эмес, бизди өлтүргөндөн кийин гана чара көрүүгө даяр экен", - деп окурман өз окуясын жыйынтыктады.

Микроавтобустун айдоочусу Ибрахим, ошол күнү туристтик сапардан кайтып келатканын, тыгынды көрүп, объезд аркылуу айланып өтүүнү чечкенин айтып берди.

"Жолду белгисиз адамдар тосуп чыгышты. Алар эч кимди өткөрбөй жатышыптыр. Бул көчө менен бөтөндөрдү өткөзбөйт имиш. Андан кийин алар бычак менен дөңгөлөгүмдү жарып салышты. Милицияга кайрылгым келбейт, анткени жергиликтүүлөр менен көйгөй жаралышын каалабайм, анын үстүнө көп убакыт кетет", - деп айдоочу Ибрахим айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1580