"Бонецкий" лабораториясына пандемиядагы жогорку баалар үчүн 423 млн сом айып салынды
RU

"Бонецкий" лабораториясына пандемиядагы жогорку баалар үчүн 423 млн сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монополияга каршы кызмат тарабынан "Интелмед" компаниясына (Бонецкий лабораториясы) 423 млн сом өлчөмүндө айып салынды. Аталган агенттиктен билдиришкендей, компания лабораториялык изилдөө рыногунда "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамды бузган.

Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, "Интелмед" ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15950