УКМК бардык анализдердин баасын төмөндөтүү боюнча лабораториялар менен макулдашты (тизме)
RU

УКМК бардык анализдердин баасын төмөндөтүү боюнча лабораториялар менен макулдашты (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК өлкөдөгү ири жеке менчик медициналык мекемелердин жана лабораториялардын катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда лабораториялык изилдөөлөрдүн баасын төмөндөтүү маселесин талкууланган.

Коопсуздук комитеттин маалыматы боюнча, лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдер) бардык түрлөрүнүн баасын 30%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар компаниялар менен макулдашууга мүмкүн болду. Алар:

  • "Интелмед" ("Бонецкий лабораториясы");
  • "Аквалаб";
  • "Евролаб";
  • "Гемотест";
  • "Экспресс плюс";
  • "Медикана";
  • "Лазмед клиникасы";
  • "Хуман";
  • "Интер-Лаб" ("Инвитро");
  • "Интермедикал";
  • "Фарватер".

Реагенттерди жеткирүүчүлөр "Юни-Хелп", "Лаб-Сервис", "Кокомерен", "Юрфа", "Эль-Фарм", "Медикс-Элес", "Медцентр.кж" "Би-Хелс-Фарм", "Эрай-Фарм", "Фарватер", "Мээр-Чоп", "Мирамед жана Ко", "БиЛайв", "Медитэк", "Меди-Прогресс" жана "Дайра-Фарм" реагенттердин баасын 15%га чейин төмөндөтүүгө убада беришкен.

Андан тышкары:

  • "Юрфа" ЖЧКсынын жетекчилиги томографиялык текшерүүлөрдүн баасын 20%га төмөндөттү;
  • "Интелмед" компаниясы (Бонецский лабораториясы) менен мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлери кабыл алган бейтаптарга жеңилдетилген (50%ке чейин) кызмат көрсөтүү макулдашылды.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салуу жана жеке медициналык уюмдардын кызматтарын пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15666