"Унаадан табылган". Кара-Сууда 5 жашар кыз зордукталды деген окуянын чоо-жайы
RU

"Унаадан табылган". Кара-Сууда 5 жашар кыз зордукталды деген окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жашар кызды зордуктады делген киши жергиликтүү тургундар кармап, кийин ал милицияга өткөрүлгөн. Аталган окуянын жагдайлары боюнча Ош ОИИБден редакцияга буларды билдирди.

15-апрелде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең менен 2019-жылы туулган С.Н. аттуу кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү издөө иш-чараларды жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суу районунун аймагындага талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.

Топтолгон материалдын негизинде 165-берене (Адамды уурдоо) жана 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары унаанын ээси, Ош облусунун 1993-жылы туулган Э.уулу З. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.

Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: popcake.tv.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15951