Ошто 5 жашар кызды зордуктады деген киши айыл тургундары тарабынан кармалды
RU

Ошто 5 жашар кызды зордуктады деген киши айыл тургундары тарабынан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жашар кызды зордуктады делген киши жергиликтүү тургундар тарабынан кармалды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, сүрөтү менен бөлүштү.

Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына ырастап, буларды билдирди.

"Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар жаран кармалып, тергөө кызматына камсыз болду", - дешти милициядан.

Башкармалыктан учурда тергөө кызматы тарабынан тийиштүү аракеттер улантылып жатканын, кошумча маалымат берилерин убадалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15948