Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан жаракат алып каза болду
RU

Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан жаракат алып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан алган жаракаттан улам каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда өлүмдүн себеби такталууда.

Маалым болгондой, 15-апрель күнү саат 21:05 чамасында Баткен облустук борбордук ооруканасына бычактан жаракат алган 16 жаштагы К.А. түшкөн. Анын эки жерине бычак сайылган. Жабырлануучу болжол менен жарым сааттан кийин ээсине келбей каза болгон.

Аталган маалымат Баткен РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Азыркы учурда А.К аттуу кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15954