Жалал-Абадда 6 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү кармалды
RU

Жалал-Абадда 6 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасаганга шектелип 62 жаштагы киши кармалды. Маалыматты облустук ички ишер башкармалыгынан кабарлашты.

Жабырлануучу тарап 11-апрелде Кара-Көл ШИИБине арыз менен кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 31-март күнү болгону, анда шаар тургуну 6 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганы аныкталып, 158-берене (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 18-апрелде 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15979