Мектепте сабалган 7 жаштагы окуучунун апасы бийликке кайрылуу жасады
RU

Мектепте сабалган 7 жаштагы окуучунун апасы бийликке кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектепте сабалган 7 жашар баланын апасы Айсулуу бийликке кайрылып, балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Ал өз кайрылуусунда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү суранат.

"Социалдык тармактарда К.Даниил аттуу киши баламды аёосуз сабап жаткан видеону көргөнсүздөр. Азыр ооруканадабыз, балам реабилитациядан өтүп, психологиялык жардам алып жатат. Учурда бизге адилетсиз жалаа жабылууда, менин 7 жашар балам чоң кишини кол көтөрүүгө жеткирген имиш", - деди ал.

Окуучунун апасы Ленин РИИБдин тергөөчүсү кылмыш ишин козгогусу келген эмес дейт.

"Окуя 12-апрелде болду. Бирок дагы эле бизди психоневрологиялык экспертизага жөнөтө элек, баладагы бардык симптомдордун кетишин күтүү үчүн бул маселени атайылап кечеңдетип жатат деген ойдобуз. Уулумду сабаган кишиге "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмыш-жаза кодексинде балдардын укугун коргогон берене жок экен. Азыр менин балама гана эмес, бардык балдарга байланыштуу маселе болуп жатат", - дейт ал.

Эске салсак, 12-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Арыздануучу Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15989