Бишкекте 7 жаштагы окуучуну тепкенге шектелген киши үй камагына чыгарылды
RU

Бишкекте 7 жаштагы окуучуну тепкенге шектелген киши үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринде 7 жашар баланы сабаган деп шектелген жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабырлануучунун апасы билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту тергөөчүнүн арызынын негизинде чыгарган.

"Прокурор өтүнүчтү колдоду. Сот тергөөчүдөн шектүүгө карата баш коргоо чарасын боюнча тактап сурады", - деди баланын апасы.

Ал ошондой эле баласын психологиялык-психиатриялык экспертизага эмес, медициналык экспертизага гана жибергени үчүн тергөөчүгө нааразы болду. Экспертизадан өтүп жатканда эксперт дагы бир экспертизадан өтүү милдеттүү экенин айткан дейт.

Жабырлануучу бала менен шектүүнүн баласы бир мектепте окуйт дейт аял. "Балким, ал бала сүйлөө көйгөйүнөн улам буллингге кабылса керек. Бирок менин балам менен эч кандай чыр-чатагы болгон эмес. Тиги тараптын жактоочусу тергөөчүгө дароо келип, мага маселени каржылык жактан чечүүнү сунуштады", – деди ал.

Учурда бала үйдө, мектепке баргысы келбей тынчсызданган абалда жүрөт. Тергөөчү мектеп директорунун көрсөтмөсүн кабыл алган эмес.

Эске салсак, 12-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Арыздануучу Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин Ленин РИИБинен маалымдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15942