"Баламды чапкылап жатканын көрдүм". Бишкекте 7 жаштагы баланы тепкен киши кечирим сурады
RU

"Баламды чапкылап жатканын көрдүм". Бишкекте 7 жаштагы баланы тепкен киши кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектепте 7 жаштагы баланы тепкен киши кечирим сурап, эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүрдү. Бул тууралуу өзүн Даниил Ким деп тааныштырган киши видео кайрылуусунда билдирет.

Айтымында, баласын мектептен дайыма шылдыңдап, капаланткандар болгон.

"Мен өзүмдүн баламдан ал окуучуну бутум менен түртүп, полго ыктаткам. Кылган жоругум үчүн аябай өкүнүп жатам. Мен буга жол бербешим керек болчу, аны түшүнүп турам. Ошол күнү уулумду логопедге алып баруу үчүн мектепке баргам. Ага чейин 1 күн мурда уулум менен психологго, логопедге барган элек. Себеби баламдын сүйлөөсү начарлап, тамгаларды айтуудан кыйналып, сүйлөм түзүүсү начарлаган. Ата-эне катары бул нерсе мени аябай тынчсыздандырган болчу. Логопеддин айтымында, баламдын мындай абалынын себеби - мектептеги кодулоо болушу мүмкүн.

12-апрелде баламды адиске алып баруу үчүн мектептке баргам. Мектептин коридорунан баламдын шкафтын жанында отурганын, анын алдында бир бала кепкасына чапкылап, андан кийин башына, жаагына чапканын көрдүм. Ошол учурда мен өзүмдүн аракетимди билбей калдым, жол берилбей турган нерсе жасап койдум.

Болуп өткөн окуя үчүн өкүнүп, уялып жатам. Мен актанайын деген жокмун, болгону мектептеги буллинг оңдолбой турган жыйынтык берерин айткым келип жатат. Мен дагы бир жолу жабырлануучу баладан, анын үй-бүлөсүнөн жаман ишим үчүн кечирим сурайм.

1-сентябрдан бери баламды мектептен дайыма шылдыңдап, капаланткандар бар экенин жубайым экөөбүз бир нече жолу укканбыз. Биз мугалимдер, завуч менен да бул тууралуу бир канча ирет сүйлөшкөнбүз. Бирок, тилекке каршы, ал сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей, баламды мазактоо уланып жатканын өз көзүм менен көрдүм. Мен өтө жаман иш жасап койдум, мени качандыр бир күнү кечиришет деп ойлйом", - дейт ал өз кайрылуусунда.

*****

Эске салсак, 12-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Арыздануучу Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15997