Орхан Инанды аны кантип уурдап, Кыргызстандан Түркияга алып кетишкенин айтып берди
RU

Орхан Инанды аны кантип уурдап, Кыргызстандан Түркияга алып кетишкенин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инанды "Кронос" укук коргоо уюмуна үч жыл мурун Бишкекте кантип уурдалганын жана узак убакыт бою кантип кыйноого кабылганын айтып берди. Ал Анкарадагы "Синжан" түрмөсүндө укук коргоочулар менен маек курган.

"2021-жылдын 30-майы, болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкекте унаама отурганы жатканда кыргыз улутундагы бир жигит колумду бурап, башка унаага мажбурлап отургузду. Ичинде дагы эки адам бар болчу. Үчөө мени Кара-Балта тарапка алып кетишти. 15 мүнөттөн кийин биз башка унаага отурдук", - дейт Орхан Инанды.

"Ал унаадан мага ийне сайып, көзүмдү байлап коюшту. Ошондо менин оң колумду сындырышты. Эки адам жанаша отурушту, алардын биринин сүйлөгөн сөзүнөн, алар кыргыз тилинде сүйлөп жаткандарын түшүндүм. Биз Өзбекстанды көздөй бара жаттык. Мен өзүмдү узун туннелден өтүп бараткандай сездим. Жолдо мага суу аралашкан дары-дармектерди берип, уктап калып жаттым. Ошондуктан мен көп нерсени эстей албайм. 31-майда түштө биз башка унаага отурдук. Бир сааттай айдагандан кийин Өзбекстан же Тажикстан тарапка келгендей болдук.

Мени унаадан түшүрүп, көзүм чечилди. Мага "Түркияга кош келиңиз" деп айтышты. Учакка отурганда мени сабай башташты.

Анкарага чейин мен тизелеп учуп келдим. Мени мезгил-мезгили менен сабап жатышты. Кээде учактын дааратканасына камап коюп жатышты. Беткапчан эки киши мени видеого тартып жатышты.

Бөлмөгө киргизгенде көздөрүмдү ачышты. Ал бөлмөнүн туурасы 2,5-3 метр, караңгы, микрофон жана камера гана болду.

Жумасына бир же эки жолу дарыгер келип, сынган колумду таңып койчу. Аны менен сүйлөшүүгө тыюу салынат, ошол эле учурда көзүм байланган.

Мени Түркияда тааныштардын атын талап кылып, сабап жатышты. Кызымдын өмүрү менен коркутууга аракет кылышты. Бир жолу бутума "электрошокер" колдонушту. Өзүмө келгенде бутум ооруп жатканын сездим. Сурак учурунда мени эки-үч жолу толугу менен чечинтип, кыйнашты", - деген Инанды.

"Кронос" маалыматында мунун баарын Орхан Инанды сот учурунда айтып бергени белгиленет.

Эскерте кетсек, Түркиянын "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган атайын кызматтары тарабынан кармалганын билдирген. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын бул аракеттерин айыпташкан. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандыны кайтарууну талап кыларын айткан. 2021-жылдын 18-сентябрында Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазган.

2023-жылдын 16-июнунда Анкаранын Жогорку соту Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмдун жетекчилиги" деген айып тагып, 21 жылга эркинен ажыраткан.

2024-жылдын 1-апрелинде Орхан Инанды уурдалгандан кийин Кыргызстандын чек арачыларфна карата Аскер прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16088