Анкаранын Жогорку соту Орхан Инандыны 21 жылга эркинен ажыратты
RU

Анкаранын Жогорку соту Орхан Инандыны 21 жылга эркинен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анкаранын Жогорку соту Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду жетектеген" деп айыптап, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги 16-июнда билдирди.

Эске салсак, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанда 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти режеп Тайып Эрдоган түрк атайын кызматы тарабынан кармалганын жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инанданы кайтарууну талап кыларын билдирди. Түркияда айыптоочу Орхан Инанды 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. 18-сентябрда Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу тууралуу кат жазган.

Түркия да "Сапат" бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорун алуудан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12945