1-июндан сентябрга чейин оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизилет
RU

1-июндан сентябрга чейин оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 °C градус жана андан жогору болгон учурда, эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган автоунаалардын жолдо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.

Буга ылайык, максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Чектөө жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардамды ташыган, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган, берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган, жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) тиешелүү эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16259