Бишкекте жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө кайра өзгөртүлдү
RU

Бишкекте жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө кайра өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочулардын нааразычылыгынан кийин жүк ташуучу унаалардын кыймылына кирген чектөөлөр өзгөртүлдү. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев айдоочулар, ошондой эле оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын, бизнес-ассоциациялардын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.

Убактылуу чектөө механизми төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:

  • гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк;
  • Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүдө транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөр;
  • автомобиль жолдорун оңдоого, курууга, мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объекттерди курууга жүктөр.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине үч күндүк мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорун жүк ташуучу автоунаалардын таасиринен сактоону камсыздоо механизмдерин жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле департаментке Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча шаар ичинде жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15949