Кышында жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө иштери кайра жанданды
RU

Кышында жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө иштери кайра жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 2024-жылдын 13-январынан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Бүгүн, 3-июнда издөө ишине 34 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 куткаруучу 2 дрон менен чыгышты.

Мындан сырткары ИИМден 300 кызматкер тартылды.

Эске салсак 2024-жылдын 13-январь күнү, Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон.

17-январдан 23-январга чейинки активдүү издөө иштерине ӨКМдин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологдор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылган. Натыйжа болбогондуктан Мукамбеталынын туугандырынын ыраазычылык билдирүүсү менен издөө иши токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16285