Чүйдө кичинекей кызды паркта зордуктаганга шектүү кармалды
Facebook колдонуучусу Динара Чокоева Чүй облусунун Раздольный айылындагы паркта 1-июнда кичинекей кыздын зордукталганын жазып чыкты. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан факты болгонун тастыкташты.
Башкармалыктан билдиришкендей, 1-июнда Сокулук РИИБине Раздольный айылында зордуктоо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча 154-беренесинде көрсөтүлгөн (зордуктоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 1-июнда Раздольный айылынын паркында О.А. аттуу кыз зордукталганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары Т.Ю. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилесек, Кыргызстанда балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жаза оорлошту. Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыш жасагандарды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: depositphotos.com.