Кыргызстанда эми педофилдер жашына карабай жазаланат
RU

Кыргызстанда эми педофилдер жашына карабай жазаланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жаза оорлошту. Себеби, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда бул категориядагы эркектер баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыш жасаса аларды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Ошондой эле Жазык-процессуалдык кодекске баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар сотто далилденсе күнөөкөрдү жазасыз калтырбоо боюнча түзөтүү киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16216