Чүйдө 39 жаштагы киши кошунасын атып салганга шектелди
RU

Чүйдө 39 жаштагы киши кошунасын атып салганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда кызганычтан улам кошуналар ортосунда чыр чыгып, адам өлүмү менен аяктады. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, окуяга кызганыч себеп болгон.

Башкармалыктан билдиришкендей, 6-июнда саат 19:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы Л.Толстой көчөсүндөгү үйдө И.М. аттуу жаран тааныш эки аял менен спирт ичимдигин ичип отурган.

"Бул учурда аялдардын бири менен чогуу жашаган С.С. келип, И.М. экөөнүн ортосунда кызганычтан улам чыр чыккан. Мас абалдагы И.М. сайсыз ок атуучу куралын үйдөн алып чыгып, С.С`нын көкүрөгүнө атып, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Ал эми ок тийген жаран "Тез жардам" кызматы келгенге чейин жан берген", - дейт милициядан.

Бул окуя боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган И.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө курал алынып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16326