Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды
RU

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы үч адамдын өлүмүнө шектелген киши кармоо учурунда жок кылынганын ИИМ билдирди.

48 жаштагы шектүү тоого качып кеткен. Ал буга чейин да киши өлтүрүүгө аракет кылган деген берене менен соттолгон. ЖМКлар ал келиндин кайнагасы экенин жазышууда.

Эске салсак, түндө Таластын Ак-Башат айылында 26 жаштагы келин эки баласы менен киши колдуу болгон. Милиция далил катары ок атуучу курал жана балта тапкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө киши өлтүрүү болгондугу такталган, денелеринде көптөгөн жараттар бар экендиги аныкталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталып, ал мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган.

Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды",- деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16222