Бишкекте таңга маал 64 жаштагы тазалыкчыны унаа сүзүп кетти
RU

Бишкекте таңга маал 64 жаштагы тазалыкчыны унаа сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерин айдоочу сүзүп кетти. Милициянын кайгуул кызматы учурда айдоочуну издөөгө алганын маалымдады.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 8-июнда таңкы саат 04:40 чамасында Бишкектин Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Анын кесепетинен 1960-жылы туулган (аял) Ж.Г. оор жаракат алып ооруканага түштү.

Учурда айдоочуну аныктап, кармоого багытталган иш-чаралар жүрүүдө. Милиция "Перехват" планын киргизди.

Бишкек шаардык кайгуул кызматы окуяга күбө болгон жарандардан 102 кызматына же 0312530181, 0509102122 байланыш телефондоруна маалымат берүүнү суранат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16329