"Манас" аэропортундагы жолдо кырсык катталып, бир адам каза болду
RU

"Манас" аэропортундагы жолдо кырсык катталып, бир адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек – "Манас" аэропорту унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы 3-июнда саат 17:00дө катталган.

Анда ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Golf унаасынын айдоочусу каза болуп, жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16296