Каналдын жээгинде буюмдары калган. 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды
RU

Каналдын жээгинде буюмдары калган. 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты редакцияга Свердлов РИИБден тастыкташты.

Белгилесек, 10-июнда Чоң Чүй каналына белгисиз кыз секирип кеткени тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, каналдын жээгинен кыздын жеке буюмдарын табышкан.

"15-июнда Свердлов РИИБнин кызматкерлери, кайгуул кызматкерлери жана ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Миргүл Мидинованын сөөгүн Биринчи Май районунан табышкан", - дешти милициядан.

Бул окуя боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Ал эми Миргүл Мидинова тагынган алтын буюмдар ата-энесине берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16393