Ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Таласта 2 жашар баланын жансыз денеси табылды
RU

Ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Таласта 2 жашар баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас районунун Чоң-Түз жайлоосунда 2 жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга түшүп, агып кеткен. Наристенин сөөгү бүгүн, 20-июнда табылганын Талас ОИИБден билдиришет.

Наристе сууга 18-июнда саат 19:00 чамасында агып кеткен. Бул окуя каттоого алынып, жерине Талас РИИБдин өздүк курамы толугу жана Талас ОИИБден кызматкерлер тартылган.

Баланы издөөгө 100гө жакын милиция, андан тышкары куткаруучулар, "Альянс-Алтын" компаниясы, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, баланын туугандары катышты.

Сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган кезде 2 жашар баланын жансыз денеси ташка кыпчылып калган жеринен табылып, туугандарына өткөрүлдү.

Бала сууга түшкөн жерден 2-3 чакырым алыстыкка агып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16421