Чолпон-Атада чет элдик эки студент сууга чөгүп каза болду
RU

Чолпон-Атада чет элдик эки студент сууга чөгүп каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында чет элдик эки студент сууга чөгүп каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 21-апрелде Чолпон-Атадагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайындагы көл жээкте Индиянын эки жараны сууга чөгүп кеткен.

Жерине Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анда Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индия мамлекетинин 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. аттуу жарандаы көлдүн жээгине эс алууга келишип, пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкени аныкталган.

Каза болгон студенттер курсташтары менен эс алууга чогуу барган. Күбө катары суралган студенттер курсташтары пирстен секирип, сууга чөгүп кетишкенин айтышкан.

Аталган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Териштирүү иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: contentdrafts.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16019