Ноокаттагы селден көз жумгандардын саны тогузга жетти
RU

Ноокаттагы селден көз жумгандардын саны тогузга жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокатта селден көз жумган казакстандык дагы эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги КР ӨКМинин ыкчам штабына шилтеме берип жазды.

Жакынкы убакытта Казакстандын ӨКМинин борту менен төрт кишинин сөөгү мекенине жеткирилет.

Ал арада КР ӨКМи Ноокатта селден көз жумгандардын саны 9га жеткенин билдирди.

"Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.

Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9га жетти", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн издөө иштерине кошумча ӨКМдин ТКККнын 11 куткаруучу тартылган. Жалпы ӨКМден 53 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары КР ИИМнен 120 кызматкер, КР Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам. Жеринде жалпы 373 адам тартылды.

Мекеменин маалыматында, Абшыр-Ата айылында жаш баланын сөөгү табылган. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16495