Ноокатта сел 7 адамды агызып, бешөөнүн сөөгү табылды
RU

Ноокатта сел 7 адамды агызып, бешөөнүн сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Ноокат районунда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичиндеги 7 адамды агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Ошондой эле ички чарбалык көпүрөлөрдү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна суу кирген.

"Жеринде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Буга кошумча 100 куткаруучу жөнөп кетти", - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16483