Көлдө желим баштыктар дагы деле сатылып жатат. Мыйзамга баш ийбегендер качан жазаланат?
RU

Көлдө желим баштыктар дагы деле сатылып жатат. Мыйзамга баш ийбегендер качан жазаланат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийлик Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык жактан таза альтернативдүү продукцияга өтүү менен полиэтилен баштыктарын жүгүртүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга этап-этабы менен тыюу салууну көздөп келет. Буга ылайык, былтыр президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде көлдө желим баштыктарды колдонууга, сатууга тыюу салынган. Kaktus.kg редакциясы быйылкы сезондогу көрүнүш кандай экенин билип кайтты.

"Дүкөндөр кагаз баштык сунуштап жатышат"

Ысык-Көл облусундагы бардык дүкөндөрдө кардарларга желим баштыктарды берүүгө тыюу салуу 2023-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген. Бир жыл аралыгында кагаз баштыкка көнүп, полиэтилен баштыктарын пайдалануудан баш тарткандар да бар, ошол эле учурда мурункудай эле желим баштык колдонуп жүргөндөр да жок эмес. Сурамжылоонун катышуучулары дүкөндөрдө кагаз баштык сунуштап жатышканын бирок майда нерселерди баары бир желим башыкка салып кетүүгө туура келип жатканын айтышты.

"Биз полиэтилен баштыктарын колдонбоого аракет кылып эле жатабыз. Бул жарлыкты колдойбуз да. Бирок майда нерселерди баары бир желим баштыктарга салганга туура келип жатпайбы. Дүкөндөргө киргенде кагаз баштык сунуштап эле жатышат. Колдон келишинче алганга аракет кылабыз. А бирок кагаз баштык сунуш кылбай желим баштык саткан дүкөндөр да бар да. Мындай учурда эмнени сунушташса ошону аласың", - дешет Балыкчы шаарынын жашоочулары.

Дүкөндөргө үйүнөн желим баштык алып келип, ошону бир канча жолу колдонуп жүргөндөрдү да кезиктирдик. Алар улам жаңы баштык сатып отурбай, ошону көп убакка колдонгонго аракет кылып жатабыз дешти. Себеби, ар дайым 39 сомго кагаз баштык алууга чамасы келбегендер да бар дешет. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары муну менен бир аз да болсо президенттин жарлыгына баш ийүүгө аракет кылып жатышканын белгилешти.

"Жарлык жакшы. Чоң дүкөндөрдө кагаз баштык сунушташат. Бирок ар дайым 39 сомдон же 15 сомдон кагаз баштыктарды алып жүрө албайсың да. Ошондуктан көпчүлүк учурда үйдөгү болгон баштыкты алып келип эле ошону жетишинче колдонууга аракет кылып жатабыз", - дейт дагы бир жашоочу.

"Жер-жемиштер бөлүмүнөн полиэтилен баштыктарын алып кеткип калган кардарлар бар"

Балыкчынын кире беришинде эле "Глобус" соода түйүнү бар. Анда иштеген администратор Кутман Темиров айрым кардарлар кагаз баштык алуудан баш тартып, полиэтилен баштык сатылбайт дегенге карабай жер-жемиштер бөлүмүнө барып желим баштык алып чыгып кетишет дейт.

"Биз жарлык чыккандан кийин эле атайын жазууларды илип, кагаз баштыктарды алып келгенбиз. Сапаты жакшы. 7 сомдон 39 сомго чейин. Бирок айрым кардарлар ал баштыктарды алгылары келишпей, жер-жериштер бөлүмүнүндө турган полиэтилен баштыктарын алып кетип калышат. Эскертип эле жатабыз", - деди ал.

Кутман Темиров кагаз баштыктарды маселе кылбай эле алгандар да бар экенин, бирок бардыгы эмес дейт.

"Дүкөндөрдүн баарында эле кагаз баштык боло бербейт"

Башка бир жерлигиктүү жашоочулар көлдө полиэтилен баштыктарын сатып алуу, колдонууга тыюу салуу жарлыгын колдогондору менен ар бир эле дүкөндө кагаз баштык боло бербейт дешти. Алар эл кадимкидей эле полиэтилен баштыгын колдонуп жаткандарын айтып, айла жоктон желим баштык алууга туура келген учурлап көп болуп жаткандыгын айтышты.

"Биз жарлыкка баш ийели десек да болбой жатат. Бардык дүкөндөн же базардан кагаз баштык таба албайсың. Айла жоктон желим баштык алууга туура келет. Эми ар кандай болуп калат. Кагаз баштык сунушташса - кагаз баштык алабыз. Желим баштык берип, кагаз баштык жок десе айла жок, желим баштык алууга туура келет", - дешет айрымдары.

Бирок желим баштыктарга тыюу салынгандан баштап, ага баш ийип жаткандар да аз эмес. Алардын бири Балыкчы шаарынын тургуну Бегимжан Тайматова. Ал атайын материалдан бир нече баштык тигип алган. Азык-түлүк аларда дайыма баштыктарын ала чыгат.

"Жарлыкты уккандан кийин эле бир нече баштык тигип алгам. Дүкөнгө чыкканда жаныма алып алам. Башкаларга да сунуштайт элем. Себеби, желим баштыктын көлгө, жаратылышка зыяны көп экен", - дейт Бегимжан Тайматова.

Балыкчы боюнча бул жыл аралыгында жарлыктын негизинде кандай иш жасалып, баш ийбегендердин канчасы жазага тартылды азырынча белгисиз. Балыкчынын мэриясынан жакын аралыкта статистика жана бул багытта алып барылган иштер тууралуу маалымат берүүнү убадалашты.

Ар кандай технологияларды колдонуу менен жасалган пластикалык буюмдардын жок болуусу орто эсеп менен 400 жылдан 700 жылга чейин созулат. Табиятта желим баштыктар 100 жылдан 200 жылга чейин бузулбайт, туруктуу органикалык булгоочу болуп саналат. Буга байланыштуу желим баштыктарга тыюу салуу боюнча чукул чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыккан.

Жаратылыш ресурстар министрлиги былтыр көлдөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылганын айткан. Эгерде орун алган терс тенденциялар сактала берсе кайра калыбына келбеген экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн дешет министрликтен.

"Полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу коомчулуктун экологиялык көйгөйлөргө маалымдуулугун жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча ар бир адамдын жоопкерчилигин жогорулатууда маанилүү. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча барган сайын популярдуу болуп жаткан экологиялык туризмди өнүктүрүүгө салым кошо алат", - дешти Жаратылыш ресурстар министрлигинен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16541