Ысык-Көлдөгү дүкөндөрдө желим баштык колдонууга тыюу салынды
RU

Ысык-Көлдөгү дүкөндөрдө желим баштык колдонууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы бардык дүкөндөрдө кардарларга желим баштыктарды берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Чолпон-Атада чакан дүкөнгө кирип соода кылса баштык бербегенин айтат.

"Көрсө, облус боюнча желим баштыктарды колдонууга тыюу салыптыр. Ар ким мурдагыдай чүпүрөк баштыктарды тигип алып пайдаланышат, чоңурак дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилет экен. Айлана-чөйрөнү булгаган желим баштыктарды пайдалануудан баш тартуу, башка аймактарда дагы жайылса", - деди Орунбеков.

Белгилесек, Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга бара-бара тыюу салуу маселеси 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышкан жыйында талкууланган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: shutterstock.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12693